Улуттук коргоо министри Хулуси Акар "Чеңгел - Кулпу" операциясы тууралуу маалымат берди

Акар Анкара Билим университети тарабынан уюштурулган  4 -  Натыйжалуулук жана технология жарманкесине катышты.

1829203
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар "Чеңгел  -  Кулпу" операциясы тууралуу маалымат берди

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Ирактын түндүгүндө ПКК террордук уюмуна карата жүргүзүлгөн «Чеңгел  -  Кулпу» операциясынын ушул күнгө чейин жүргүзүлгөн операциялар чынжырынын ачкыч алкагы экендигин айтты.

Акар Анкара Билим университети тарабынан уюштурулган  4 -  Натыйжалуулук жана технология жарманкесине катышты.

Программада сөз сүйлөгөн Акар жарманкенин «Чеңгел -  Кулпу»  операциясына катышкан аскерлерге арналышы өздөрү үчүн сыймыктандыруучу экендигин айтты.

Акар Түркиянын коргонуу өнөр жайы тармагында чоң ийгиликтерге жетишкенин, учурда өндүрө албаган жеңил курал жок экенин баса белгиледи.

Акар Мехметчиктин өзүнө берилген мүмкүнчүлүктөр менен кургактыкта, деңизде жана абада кеңири машыгууларды өткөргөнүн, муну менен тажрыйбасын муктаждык болгон учурда колдоно турганын айтты.

Акар : «Чеңгел - Кулпу операциясы биздин ушул убакка чейин жүргүзгөн операциялар чынжырынын негизгиси. Мехметчик муну да башкалар сыяктуу ийгиликтүү аяктап, террористтерди уяларында атып, уяларын жок кылат  жана акыркы террорист жок кылынганга чейин бул күрөш улантылат»,- деди.



Тектеш кабарлар