Түркия - АКШнын биргелешкен билдирүүсү

Түркия жана АКШнын учурдагы геосаясий кыйынчылыктарга каршы бирдикте жана тыгыз кызматташууга чечкиндүү экени баса белгиленди.

1829128
Түркия  -  АКШнын биргелешкен билдирүүсү

Түркия жана АКШнын учурдагы геосаясий кыйынчылыктарга каршы бирдикте жана тыгыз кызматташууга чечкиндүү экени баса белгиленди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин ортосундагы жыйындан кийин жасалган биргелешкен билдирүүдө : «Түркия жана АКШ учурдагы геосаясий кыйынчылыктарга каршы бирдикте жана тыгыз кызматташууда чечкиндүү»,- деп билдирилди.

Чавушоглу менен Блинкендин НАТОнун эки союздашы жана өнөктөшү Түркия менен АКШнын ортосундагы күчтүү кызматташууну аныктоо үчүн Түркия  -  АКШ стратегиялык механизминин алкагында Нью -  Йоркто жолугушкандыгы билдирилген маалыматта : "Түркия менен АКШ учурдагы геосаясий кыйынчылыктарга каршы бирге жана тыгыз кызматташууга чечкиндүү. Тышкы иштер министри Чавушоглу менен мамлекеттик катчы Блинкен Түркия-АКШ стратегиялык механизминин алкагында каралгандай ачык жана конструктивдүү диалог аркылуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү максат кылууда",- деп айтылды.

Эки министрдин жолугушуусунда коргонуу маселелери, террор менен күрөш, энергетика жана азык  - түлүк коопсуздугу, климаттык алмашуу менен күрөшүү тармактарында кызматташуунун арттырылышы жана соода байланыштарын чыңдоого багытталган ыкмалар жана конкреттүү кадамдар талкууланганы белгиленди.

Билдирүүдө : «Министрлер өзгөчө Россиянын кабыл алынгыс согушуна каршы Украинанын эгемендүүүгү жана жеринин бүтүндүгүн бекем колдой тургандарын  дагы бир жолу ырасташты. Ушул алкакта Түркия менен АКШ согушту токтотуу үчүн чечим табууга колдоолорун дагы бир жолу баса белгилешти»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар