Илхам Алиев айыл чарба министрин кабыл алды

Азербайжан президенттигинен берилген маалыматка караганда Киришчи Алиевге президент Режеп Таййип Эрдогандын саламын айтты.

1829347
Илхам Алиев  айыл  чарба министрин кабыл алды

Азербайжандын президенти Илхам Алиев борбор шаар Бакуда жолугушууларды өткөргөн айыл чарба жана токой чарба министри Вахит Киришчини кабыл алды.

Азербайжан президенттигинен берилген маалыматка караганда Киришчи Алиевге президент Режеп Таййип Эрдогандын саламын айтты.

Алиев бир канча күн мурда Түркияга жасаган сапарын эске салып, бул сапардын эки өлкөнүн карым  - катнаштарынын өнүгүшүндөгү ролуна көңүлдөрдү бурду. 

Президент Алиев Киришчини айыл  - чарба жана токой чарбачылыгы министри катары дайындалышынан улам куттуктады жана ийгилик каалады. Киришчи да кызматка келгенден кийин биринчи сапарын боордош Азербайжанга жасагандыгын баса белгиледи. 

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы достук менен боордоштук карым  - катнаштарынын бардык тармактарда ийгиликтүү болгондугун жана кызматташуунун күн тартибинде айыл  - чарбанын маанилүү орунда тургандыгы   белгиленди. 

Президент Алиев оккупация учурунда ал жерлердеги айыл  - чарба тууралуу бардык нерсенин армяндар тарабынан жок кылынгандыгын белгилеп, бошотулган жерлерде кенен масштабдуу айыл  - чарба  иштеринин пландалгандыгын, ал аймакта Түркия менен айыл  -  чарба тармагында жакын кызматташуу жана биргелешкен иштердин жүргүзүлгөндүгүн айтты. 

Жолугушууда Бакуда өткөрүлгөн 15-Каспий айыл чарба жана азык-түлүк жарманкесинин маанисине токтолуп, Түркиянын жарманкеге кеңири катышуусунан ыраазы экендиктери билдирилди. 


 

 

 



Тектеш кабарлар