19 - Май майрамдалууда

1919 -  жыл  19 -  майга 103 жыл болду.

1829319
19 -  Май майрамдалууда

Бүгүн Түркия Республикасынын негиздөөчүсү улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн Самсунга барып улуттук күрөштүн отун жаккан 1919 -  жыл  19 -  майга 103 жыл болду. 

Бир өлкөнүн боштондугун улутта көргөн жана англис деңиз флоту якорь таштаган Стамбулдан курал жолдоштору менен Анадолуга барган Ататүрктүн 1919 -  жылы 19 -  майда Самсунда жаккан шамы 103 жылдан бери күйүп турат.

Ататүрктүн түрк жаштыгына белек кылган бул маанилүү күн 1938 -  жылы 20 -  майдагы мыйзам менен бирге жаштар жана спорт майрамы катары белгилене баштады. 

19 -  Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы жалпы өлкөдө жана өкүлчүлүктөрдө азем менен түрдүү иш  -  чаралар менен кубанычтуу майрамдалууда. 

Борбор шаар Анкарада биринчи азем Ататүрктүн күмбөзү орун алган Аныткабирде болду. 

Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу жаштар менен  атанын алдына чыкты. Мавзолейге гүл чамбар койгон Касапоглу Аныткабирдин атайын дептерине да буларды жазды : "Урматтуу Ататүрк Түркия Республикасынын курулушуна кеткен жолдо биринчи шамды жаккан 19 -  майды жаштарыбыз менен бирдикте  кубанычтуу белгилеп жатабыз. Бир кылым мурда эркиндигибиз үчүн күрөшкөн бул жерлерде биз да бүгүн ошол эле дух менен республикабыз жана келечегибиз үчүн иштеп жатабыз. Түркиянын жана жаштарыбыздын келечегин ошол эле жаштар менен бирге куруп жатабыз. Сыймыктануу менен айткым келет "бардык үмүтүм жаштарда" деп  сиз белгилеген Түркия Республикасынын балдары бүгүн бир гана өлкөбүздүн эле эмес бардык адамзаттын үмүтү. Күчтүү Түркия идеалына жаштарыбыз менен бирге басып жана эртеңкиге үмүт менен карап жатабыз". 

Самсунда да Боштондук жолунда Бандырма кемесинин символу болгон жана ал мезгилде Түтүн пристаны деп билинген жерде курулган пристанда азем өткөрүлдү.

Ататүрктүн Самсунга келишинин символу болгон түрк желеги Түтүн пристанынан кургактыкка чыгарылды. 

Стамбулда да Таксим республика эстелигинин алдында азем өткөрүлүп, өлкөнүн төрт тарабында 19 -  Май Ататүрктү эскерүү, жаштык жана спорт майрамы  аземдер менен белгиленди. 

 

 



Тектеш кабарлар