Эрдоган: «НАТОнун кеңейүүсү биз үчүн сезимталдыкты сыйлаган даражада гана мааниге ээ»

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) төрагасы Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM)  фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

1829070
Эрдоган: «НАТОнун кеңейүүсү биз үчүн сезимталдыкты сыйлаган даражада гана мааниге ээ»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, террористтерди Түркияга өткөрүп бербеген өлкөлөрдүн НАТОго мүчөлүгүнө «ооба» деп айта албастыгын баса белгилеп: «НАТОнун кеңейиши биз үчүн сезимталдыктарыбызга көрсөтүлгөн урмат-сыйга жараша болсо маанилүү»,-деди.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) төрагасы Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM)  фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

НАТО шериктештеринин Түркиянын сезимталдыктарын түшүнүшүн жана буга колдоо көрсөтүүлөрүн күтүшкөндөрүн баса белгилеген Эрдоган:«Биз алардан Түркиянын чек араларын коргоо аракетин түшүнүшүн күтөбүз. Сиз (Финляндия жана Швеция) бизге террористтерди бербейсиз, анан бизден НАТОго кирүү үчүн колдоо күтөсүз. Жикчил террордук уюм ПККга колдоо көрсөтүп, мүчөлүккө колдоо суроо ырааттуу иш эмес. Террорчуларды бизге өткөрүп бербеген мамлекеттердин НАТОго мүчөлүгүнө «макул» деп айта албайбыз. НАТОнун кеңейүүсү биз үчүн сезимталдыкты сыйлаган даражада гана мааниге ээ»,-деп айтты.

Эрдоган:«Алар (Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн) дүйшөмбү күнү (Түркияга) келүүнү каалашты мен алар бекер чарчабасын дедим, террордук уюмдар дагы эле Швецияда жүрүшөт»,-деди.

Эч кимдин жерине көз арткан жокпуз, коопсуздугубузга коркунуч келтирген иш-аракеттерди жеринде жок кылууга бел байлап жатабыз»,- деп айткан президент Эрдоган: «НАТОдогу өнөктөштөрүбүз Түркияны бутага алган террордук уюмдарга курал жана ок-дарыларды жөнөтпөдү беле? Террордук уюмдардын күчтөнүшү үчүн аларга жүз миллиондогон евро берип жатышат»,-деди.



Тектеш кабарлар