Чавушоглу: «Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштун уланышын каалаган өлкөлөр бар»

Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарына барган Мевлүт Чавушоглу, бул жердеги Түркевиде түрк-америкалык коом өкүлдөрү менен жолугушту.

1828715
Чавушоглу: «Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштун уланышын каалаган өлкөлөр бар»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралда башталган согуштун уланышын каалаган өлкөлөрдүн бар экенин көргөндөрүн, мунун чыгымын Украина жана Орусия калкы төлөп жатканын айтты.

Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарына барган Мевлүт Чавушоглу, бул жердеги Түркевиде түрк-америкалык коом өкүлдөрү менен жолугушту.

Жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясы аяктады деп жатканда, Украинада согуш башталганын жана аймактагы көйгөйлөр дагы эле уланып жатканын айткан Чавушоглу: «Мындай учурларда лидерлик, көрөгөчтүк жана акыл-эстүүлүк алтындай баалуу. Бул Украинадагы согушта даана байкалды. Биз бул оор күндөрдө президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилиги астында жигердүү жана принципиалдуу тышкы саясатыбыз менен жолубузду улантып жатабыз. Бул процессте биз карманган саясатты бардыгы көрүп, баалап жатат»,-деди.

Согуштун уланышын каалаган өлкөлөр бар экенин көргөндөрүн билдирген Чавушоглу, мунун чыгымын Украина жана Орусия калкынын төлөп жатканын белгиледи.

Эки өлкөнүн ортосунда тез арада ок атышпоо керектигин баса белгилеген Чавушоглу, Түркиянын жарандардын эвакуацияланышы үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерреш менен иштешип жатканын айтты.

БУУнун баш катчысы тарабынан сунушталган гуманитардык маселелер, анын ичинде БУУ, Түркия, Орусия жана Украина боюнча байланыш тобу тууралуу сөз кылган Тышкы иштер министри:«Ошондой эле жакынкы күндөрү техникалык жыйын өткөрүүнү пландап жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар