Алтун: «Түркиянын мыйзамдуу тынчсыздануулары чечилмейинче, Швециянын НАТОго кириши мүмкүн эмес»

Алтун Швециянын «Экспрессен» гезитине жазган макаласында Швециянын НАТОго мүчөлүгү тууралуу баа берди.

1829077
Алтун: «Түркиянын мыйзамдуу тынчсыздануулары чечилмейинче, Швециянын НАТОго кириши мүмкүн эмес»

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Түркиянын мыйзамдуу тынчсызданууларына көңүл бурулмайынча Швециянын НАТОго катышуусунун мүмкүн болбой турганын баса белгиледи.

Алтун:«Эгерде НАТОнун экинчи чоң армиясы (Түркия) кол салуу болгон учурда сизди коргойт деп күтсөңүз, бул чындыкты кабыл алышыңыз керек»,- деди.

Алтун Швециянын «Экспрессен» гезитине жазган макаласында Швециянын НАТОго мүчөлүгү тууралуу баа берди.

Ар бир эл аралык уюмдун мүчөлүк үчүн минималдуу шарттары жана стандарттары бар экенин белгилеген Алтун, жамааттык коопсуздук уюму катары курулган НАТОго кирүүнү каалаган өлкөлөрдүн уюмдун ар бир мүчөсүнүн коопсуздук маселелерине сезимталдыкты көрсөтүүсү уюмдун жана азыркы мүчөлөрүнүн мыйзамдуу күтүүсү экенин айтты.

Алтун, талапкер өлкөнүн өзгөчө террор менен күрөшүүдө учурдагы мүчөлөр менен координациясынын сөзсүз зарылдыгын белгиледи.

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Алтун: «Жикчил террордук уюм ПКК мүчөлөрүнүн Швецияда жалдоо, террорду каржылоо жана үгүт иштерин улантуусу бул келечектеги НАТО мүчөсүнүн улутубуздун көз алдында канчалык ишенимдүү шериктеш экендиги суроосун жаратты»,-деди.

Алтун, ПКК мүчөлөрүнүн акыркы мезгилде Швециянын борбор шаары Стокгольмдо өздөрүнө таандык делген баннерлерин илип, үгүттөө жүргүзүүлөрү бул кооптонууну тереңдеткенин, Швециянын бул темадагы позициясын өзгөртпөстөн НАТОнун бир бөлүгү болуу аракетинин Түркия үчүн гана эмес, террордун бутасы болгон башка өлкөлөр үчүн да кабыл алынгыс кырдаал экенин билдирди.

Фахреттин Алтун макаласында,«Түркиянын бул мыйзамдуу тынчсыздануулары чечилмейинче, Швециянын НАТОго кириши мүмкүн эмес. Эгер сиз НАТОнун экинчи чоң армиясы кол салуу болгон учурда сизди коргойт деп күтсөңүз, бул чындыкты кабыл алышыңыз керек»,- деп жазды.



Тектеш кабарлар