Агрыда Эрен блокада - 10 операциясы баштатылды

Операцияга 915 персоналдын катышкандыгы белгиленди.

1828682
Агрыда Эрен блокада  - 10  операциясы баштатылды

Агрыда ПКК террордук уюмуга карата жүргүзүлгөн Эрен блокада  - 10 операциясы башталды.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта Эрен кыш  - 9 Агры тоо операциясынын негизинде ПККнын Агры тоосундагы группасынын таасирсиз абалга келтирилиши менен уюмдун аймакты күчтөндүрүү аракетин арттыргандыгы билдирилди. 

Ирандан 5 кишилик террордук  группанын аймакка кире тургандыгы тууралуу маалыматтар боюнча Улуттук Чалгындоо  Уюму тарабынан  "изде -  тап  - жок кыл" тактикасы менен "Эрен блокада  - 10 шейит жандармериянын адис сержант Четин Ак операциясынын баштатылгандыгы  билдирилген маалыматта операцияга 915  персоналдын катышкандыгы белгиленди.  
Маалыматта бөлүктөрдүн Иран тарабынан тартып Агры тоо аймагындагы бардык баш калкалоочу жерлер менен үңкүрлөрдү текшергендиги, операциянын кечээ биринчи күнүндө  чыккан кагылышууда аймакка кирүүгө аракет кылган жикчил террордук уюмдун бир террористинин жок кылынгандыгы билдирилди.

Маалыматта өлкө ичинде террордун толугу менен жок кылынышына карата жүргүзүлгөн "Эрен блокада операцияларынын" элдин колдоосу менен чечкиндүү түрдө ийгиликтүү улантылгандыгы маалымдалды.

 

 



Тектеш кабарлар