Эрдоган көңүл айтуу үчүн Абу Дабиге барды

Президент Эрдоган Абу Даби эмири Шейх Мухаммед бин Зайед Ал Ханайян менен телефон аркылуу сүйлөшүп, көңүл айткан.

1828445
Эрдоган   көңүл айтуу үчүн Абу Дабиге барды

Президент Режеп Таййип Эрдоган  Бириккен Арап Эмираттарынын мамлекет башчысы  жана Абу Даби эмири Шейх Мухаммед бин Зайед Ал Нахайян менен жолугушту. 

Бириккен Арап Эмираттарынын мамлекет башчысы Шейх Халифе бин Зайед Ал Нахайян жума күнү каза болду. 

Президент Эрдоган Абу Даби эмири Шейх Мухаммед бин Зайед Ал Ханайян менен телефон аркылуу сүйлөшүп, көңүл айткан. 

Көңүл айтуу үчүн Бириккен Арап Эмирликтерине барган президент Эрдоганды Абу Даби эл аралык аэропортунда Бириккен Арап Эмираттарынын жаңы мамлекет башчысы Мухаммед бин Зайед Ал Нахайян тосуп алды. 

Эрдоган аэропортто   жолугушкан Нахайянга  мурдагы мамлекет башчы шейх Халифе бин Зайд Ал Нахайяндын өткөн жумада каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Президент Эрдоган андан кийин Зайед ел Нахайян менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрдү. 

 

 



Тектеш кабарлар