Террор менен күрөшүү уланып жатат
Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга каршы операциялар уланууда.
Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 10 террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин (MSB) Твиттер баракчасында жасалган билдирүүдө,«Каарман Түрк куралдуу күчтөрүбүздүн террорго каршы күрөшү тоолорду бузбастан, күнү-түнү чечкиндүүлүк менен уланууда. «Тынчтык булагы» жана «Зайтун бутагы» аймактарына кол салууга даярданып жаткан ПКК/ЙПГнын 10 террористи жок кылынды»,-деди.
Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга мүчө 9 террорист жок кылынды.
Улуттук Коргоо министрлигинин (УКМ) Твиттер баракчасында жасалган билдирүүдө:«Ирактын түндүгүндөгү террористтерди уюгунда талкалоону улантуудабыз. Баатыр командирлерибиз тарабынан «Чеңгел-1де» 4, «Чеңгел-Кулпуда» 3, «Чеңгел-Жолборс» операция аймагында 2 болуу менен жалпы 9 ПКК террористи жок кылынды. Операцияларыбыз чечкиндүүлүк менен уланууда»,делди.
Тектеш кабарлар
Анзак булуңунда таңкы сыйынуу
Австралия жана Жаңы Зеландиядан Түркияга келген миңдеген киши азем аянтында таң атырды.