Түрк жарандыгына өтүүдө жаңы критерия киргизилди

250 миң долларлык кыймылсыз мүлк сатып алуу шарты 400 миң долларга жогорулатылды.

1826543
Түрк жарандыгына өтүүдө жаңы критерия киргизилди

Түрк жарандыгы мыйзамынын ишке ашырылышына байланыштуу жободогу өзгөртүү менен Түркия Республикасынын жарандыгына өтүү үчүн 250 миң долларлык кыймылсыз мүлк сатып алуу шарты 400 миң долларга жогорулатылды.

Расмий гезиттин бүгүнкү санында президент Режеп Таййип Эрдогандын кол коюшу менен жарыяланган чечим боюнча ; кыймылсыз мүлк алуу менен түрк жарандыгына өтүүдө 250 миң доллар болгон баа 400 миң долларга жогоруталыды. Чечимдин бир айдан кийин күчүнө кирери билдирилди.



Тектеш кабарлар