Францияда түрк консулдугуна кол салуу болду

Француз бийлиги кол салуу боюнча иликтөө баштады.

1826341
Францияда түрк консулдугуна кол салуу болду

Францияда Түркиянын Париждеги башкы консулдугуна жикчил террордук уюм ПКК тарапташтары тарабынан кол салуу болду.

Париж башкы консулдугуна 12 - майга караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:30 чамасында ким экендиги тактала элек адамдар фейерверк түрүндөгү жардыргыч заттар менен кол салышкан.

Кол салууда башкы консулдуктун имаратынын терезеси жана сырткы дубалы жабыркаган.

Француз бийлиги кол салуу боюнча иликтөө баштады.

Маалымат булактарынын берген кабарына караганда, кол салуунун жоопкерчилигин PKK жикчил террордук уюм менен байланышы бар түзүмдөр  алды.

                        



Тектеш кабарлар