Эрдоган : "Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө оң көз карашта эмеспиз"

Президент Эрдоган Стамбулда журналисттердин күн тартибине байланыштуу суроолоруна жооп берди.

1826777
Эрдоган : "Финляндиянын  НАТОго мүчөлүгүнө оң көз карашта эмеспиз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган Финляндиянын НАТОго мүчөлүк процессине байланыштуу : "Тилекке каршы, Скандинавия өлкөлөрү дээрлик террордук уюмдардын конок үйү сыяктуу. Ошондуктан  буга   оң көз караш менен карообуз мүмкүн эмес",- деди.

Президент Эрдоган Стамбулда журналисттердин күн тартибине байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Эрдоган Финляндиянын НАТОго мүчөлүк процессине токтолуп: "Учурда Швеция жана Финляндияга байланыштуу окуяларды иликтеп  жатабыз. Бирок биз бул тууралуу оң ойдо эмеспиз. Буга чейин бизден мурунку администрациялар Грецияга байланыштуу, НАТОго байланыштуу катачылыктарды кетирген. Грециянын НАТОну артына алуу менен Түркияга болгон мамилесин билесиздер. Түркия катары бул тууралуу экинчи жаңылыштыкты кылгыбыз келбейт»,-деди.

 Скандинавия өлкөлөрү дээрлик террордук уюмдар үчүн конок үйү сыяктуу экендигин белгилеген Эрдоган : «ПККсы, DHKPCсы алардын парламенттеринде  орун алууда. Ушундан улам биздин буга оң карообуз мүмкүн эмес»,- деди.



Тектеш кабарлар