Террористтерге каршы күрөш уланып жатат
Дагы 10 террорист таасирсиз кылынды.
Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 10 террорист таасирсиз кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, террорго жана террористтерге эч жерде жол жок экени белгиленди.
Билдирүүдө: «Зайтун бутагы, Тынчтык булагы жана Евфрат калканы аймактарына ок чыгарган жана кол салууга даярданган ПКК/ЙПГга мүчө 10 террорист десанттарыбыздын ийгиликтүү кийлигишүүсү менен таасирсиз кылынды»,-деп маалымдалды.
Бир тараптан Бингөлдө ПККга каршы «Эрен блокада-9 операциясы» башталды.
Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта, террордук уюм ПККны өлкөнүн күн тартибинен чыгаруу жана аймактагы террористтерди таасирсиз кылуу максатында Бингөлдө «Эрен блокада-9 операциясы» башталганы кабарланды.
Операцияга 551 персоналдын катышканы белгиленген билдирүүдө, өлкөдө терроризмди толугу менен жок кылуу максатында жүргүзүлгөн Эрен блокада операцияларынын элдин колдоосу менен ийгиликтүү уланганы баса белгиленди.