Түркия Конгого көңүл айтты

Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

1825083
Түркия Конгого көңүл айтты

Түркия, Конго Демократиялык Республикасынын Итури облусундагы Блакете-Плиту шахтасына куралдуу топтордун кол салуусун айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, кол салууларда арасында аялдар жана балдар да болгон көптөгөн адамдын каза табышы жана жаракат алышынын терең кайгыга салганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Биз бул кол салууларды катуу айыптайбыз. Дос Конго Демократиялык Республикасынын өкмөтүнө жана элине, каза болгондордун жакындарына көңүл айтабыз жана жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз», деген сөздөр камтылды.

Жекшемби күнү козголоңчу топ Конгону өнүктүрүү альянсынын (CODECO) мүчөлөрү Блакете алтын кенине кол салып кеминде 52 жайкын тургун, анын ичинде 4 айлык наристе набыт болгон.



Тектеш кабарлар