Эрдоган: «2023-жылдагы шайлоо Түркия үчүн маанилүү»

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасы да болгон президент Эрдоган, борбор шаар Анкарада партиясынын башкы кеңсесинде облус башчыларынын кеңейтилген жыйынына катышты.

1825527
Эрдоган: «2023-жылдагы шайлоо Түркия үчүн маанилүү»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын «өнүгүп келе жаткан өлкө» чынжырын бузуп, «эң ири 10 экономиканын» катарына киришинин 2023-жылкы жалпы шайлоодогу тандоосуна байланыштуу экенин айтты.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасы да болгон президент Эрдоган, борбор шаар Анкарада партиясынын башкы кеңсесинде облус башчыларынын кеңейтилген жыйынына катышты.

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө 2023-жылы өтө турган жалпы шайлоолорго токтолуп, бул шайлоолорго глобалдык кризистер дүйнөнүн административдик жана экономикалык системасын солкулдаткан мезгилде кирилгенин айтты.

Глобалдык кризистин Түркиянын алдына коркунучтар менен бирге маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү да алып келгенин белгилеген Эрдоган: «Акыркы 20 жылда өлкөбүзгө ээ кылган демократия жана өнүгүү инфраструктурасынын негизинде көптөгөн сыноолордон ийгиликтүү өттүк»,- деди.

Өз коопсуздугу, өз башкаруусу жана экономикасы тууралуу чечимдер башка жерде кабыл алынган Түркияны бир гана жарандары үчүн эмес, аймактагы бардык боордошторунун жана дүйнөдөгү бардык эзилгендердин үмүт өлкөсү кылгандарын айткан Эрдоган, 2023-жылдагы шайлоонун Түркия үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

Президент: «Түркиянын өнүгүп келе жаткан өлкө чынжырын бузуп, дүйнөнүн алдыңкы 10 экономикасынын бири болушу 2023-жылы боло турган тандоого көз каранды»,-деди.



Тектеш кабарлар