Эрдоган Анкарадагы программага катышты
Эрдоган борбор шаар Анкарада Мамлекеттик кеңештин 154 жылдыгына арналган программада сөз сүйлөдү.
1824763
Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Биз либералдуу жана демократиялуу конституцияны түзөбүз»,-деп айтты.
Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада Мамлекеттик кеңештин 154 жылдыгына арналган программада сөз сүйлөдү.
Өз сөзүндө: «Улутубузду азыркы төңкөрүш конституциясынан толугу менен куткаруу үчүн иштеп жатабыз. Биз либералдуу жана демократиялуу конституцияны түзөбүз», деген Эрдоган: «Өлкөбүздөгү дээрлик бардык негизги мыйзамдарды демократиянын жана эркиндиктин мейкиндигин кеңейте тургандай кылып жаңыладык. Демилгелерибиз менен сот системасын дагы да алдыга жылдырарыбызга ишенем»,-деп билдирди.