Түркия Базелдеги кол салууну айыптады

Тышкы иштер министрлигинен кол салууга байланыштуу жазуу түрүндөгү маалымат берилди.

1823829
Түркия Базелдеги кол салууну айыптады
fahrettin altun.jpg
ömer çelik.jpg

Түркия Швейцариянын Базель шаарында жикчил террордук уюм ПКК колдоочуларынын «23-апрель Эл аралык балдар фестивалына» карата кол салууну катуу айыптады.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, көп жылдардан бери ымыркайларды жана балдарды өлтүрүп, аларды качырган жикчил террордук уюм ПККнын Швейцариядагы балдар майрамына кол салганын, бул ирет кандуу террор уюмунун чыныгы жүзүн ачыкка чыгарганын билдирди.

Алтун, кечээ Швейцариянын Базель шаарында ПКК тарапкерлеринин «23-апрель Эл аралык балдар фестивалын» бутага алган кол салуусун социалдык медиа эсебинен бөлүштү.

«Бир нече жылдан бери ымыркайларды жана балдарды өлтүрүп же уурдап үй-бүлөсүнөн ажыраткан ПКК бул жолу Швейцариядагы балдар майрамына кол салып, кандуу террордук уюмдун чыныгы жүзүн көрсөтүү менен бирге Швейцарияга туудурган коркунучун көз алдыга жайды»,-деп айткан Алтун: «Швейцариядагы ПККнын болушу террордун Европаны уулуу чырмооктой каптаганын жана бул глобалдык коркунучка каршы көп өлчөмдүү күрөштүн зарылдыгын дагы бир жолу көрсөттү. Эч айырмалабастан террористтер жана терроризм менен чечкиндүү жана таасирдүү күрөш жүргүзгөн Түркия, берки өлкөлөрдөн да ушундай эле түрдө глобалдык терроризмге каршы керектүү күчтүү күрөштү, реалдуу кызматташтыкты көрүүнү жана чын ыкластуу тилектештикти күтүүдө»,-деп жазды.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрага орун басары жана партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик да социалдык медиа эсебинде кол салууну айыптагандарын белгилеп: «Террордук уюмга бул мүмкүнчүлүктү бергендерди айыптайбыз. Терроризмге бул мүмкүнчүлүктү бергендер демократия жана мыйзам темасында күзгүнү карашы керек»,-деди.

Тышкы иштер министрлигинен кол салууга байланыштуу берилген жазуу түрүндөгү маалыматта: «Швейцариянын Базель шаарында кечээ өткөрүлгөн «23-апрель Эл аралык балдар фестивалына» каршы террордук уюмдун жактоочулары тарабынан болгон кол салууну катуу айыптайбыз»,делди.

Билдирүүдө, бир террордук уюм жана ага колдоо көрсөткөндөрдүн Европанын чок ортосундагы балдар майрамын бутага ала турганчалык ырайымсыз болушу террордук уюмдун жийиркеничтүү жүзүн эл аралык коомчулукка дагы бир жолу көрсөткөнү белгиленип, «Кол салууда жарадар болгон жарандарыбыздын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз жана бул жийиркеничтүү иштин күнөөкөрлөрү тез арада жоопко тартылып, тийиштүү жазасын алышын күтөбүз»,-делди.

Жикчил уюмдун жактоочулары Базелдеги иш-чарага катышкан түрк жарандарын тилдеп, кемсинтишти.

Жикчил террордук уюму ПККны колдогон жана Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоганга каршы ураандарды кыйкырган 30дай кишилик топ кийинчерээк фестиваль аймагындагы тосмолорду түшүрүп, катышуучуларга кол салышкан.

Кол салууда 6 киши жараланды.



Тектеш кабарлар