Эрдоган: «Түркия-ЕБ карым-катнаштарын өнүктүрүү эки тараптын тең кызыкчылыгына кызмат кылат»

Президент Эрдоган 9-Май Европа күнүнө карата кайрылуусун жарыялады.

1824024
Эрдоган: «Түркия-ЕБ карым-катнаштарын өнүктүрүү эки тараптын тең кызыкчылыгына кызмат кылат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия-Европа Биримдиги (ЕБ) карым-катнаштарын ар тармакта өнүктүрүү эки тараптын тең кызыкчылыгына кызмат кылаарын айтты.

Президент Эрдоган 9-Май Европа күнүнө карата кайрылуусун жарыялады.

Эрдоган өз кайрылуусунда Европа интеграциясынын пайдубалын түптөгөн Шуман декларациясынын жарыяланган күнү болгон 9-майдын (1950-ж.) Түркияда ЕБне талапкерлиги катталган 1999-жылдан бери «Европа күнү» катары белгиленип келе жатканын баса белгиледи.

Шуман Декларациясынын өзөгүн түзгөн идеялардын бүткүл дүйнөнү кыйраткан согуштан кийин (Экинчи Дүйнөлүк согуш) Европа өлкөлөрүнүн өз ара келишпестиктерин жана душмандыктарын четке кагып, тынчтык, коопсуздук, өнүгүү жана гүлдөп-өнүгүү үчүн биригүүсүн камсыздаганын белгилеген Эрдоган: «Ал эми Евробиримдик болсо өткөндөн азыркыга чейин иштеп чыккан орток саясаттары менен тынчтык проектисинин чегинен да ашып кетти»,-деди.

Президент Эрдоган:«Уюштуруу баалуулуктарынан алыстап, акыркы жылдарда мүчө мамлекеттердин кыска мөөнөттүү саясатынын таасири астында калган Евробиримдик үчүн 24-февралда башталган Украина согушу (бул) менен өзү үчүн жаңы концепция жазууга убакыт келди. Бүгүнкү күндө Европанын ортосунда бүткүл дүйнөнүн көз алдында болуп жаткан бул трагедия ЕБ үчүн эскертүү болуп саналат»,-деди.

Түркиянын бир гана талапкер өлкө (ЕБге) жана НАТОнун союздашы катары эмес, тамыры терең жана күчтүү ЕБ мунасасына ээ өнөктөш катары учурдагы кыйынчылыктарды жеңүүгө конкреттүү салым кошуп жатканын белгилеген Эрдоган:«Украинадагы согуштун глобалдык масштабга жеткен терс таасирлери Түркиянын Европа Биримдиги үчүн көптөгөн тармакта, өзгөчө коопсуздук, миграция, камсыздоо чынжырлары жана энергетикада канчалык стратегиялык мааниге ээ экенин дагы бир жолу тастыктады. Барган сайын татаалдашып бараткан дүйнөлүк аренада айырмачылыктарга эмес, орток жактарыбызга, кызыкчылыктардын кагылышуусуна эмес, биз коргогон негизги баалуулуктарга көңүл буруу жана Түркия-Европа Биримдиги мамилелерин бардык тармактарда жакшыртуу эки тараптын тең кызыкчылыгына кызмат кылат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар