Каймакжы: «Түркиянын ЕБне мүчө болушу Түркия үчүн гана эмес, дүйнө үчүн да чоң утуш болот»

Каймакжы 9-Май Европа күнүнөн улам Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарын Анадолу агенттигине баалады.

1823644
Каймакжы: «Түркиянын ЕБне мүчө болушу Түркия үчүн гана эмес, дүйнө үчүн да чоң утуш болот»

Тышкы иштер министринин орун басары жана Европа Биримдиги (ЕБ) боюнча башчы, элчи Фарук Каймакжы Түркиянын Европа Биримдигине мүчө болушунун Түркия үчүн гана эмес, дүйнө үчүн да чоң утуш болоорун айтты.

Каймакжы 9-Май Европа күнүнөн улам Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарын Анадолу агенттигине баалады.

Каймакжы Европа күнүнүн Түркияда жыл сайын бейөкмөт уюмдар, жеке сектор, университеттер, студенттик бирикмелер, спорт клубдары сыяктуу түрдүү сегменттердин катышуусу менен белгиленип жатканын, түрк элинин Европа Биримдигине мүчөлүк процессине колдоосу абдан жогору экенин баса белгиледи.

Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарында акыркы 3 жылда белгилүү бир стагнация болду, мунун эң негизги себеби, Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугунун (ТКРБ) Кипр аралынын айланасында таштаган бир тараптуу провокациялык кадамдары жана Грециянын Эгей деңизинде деңиз юрисдикциясы аймактарын «туюкка алып келүү үчүн» жарыялаган Навтекстердин бар экенин белгилеген Фарук Каймакжы, кээ бир ЕБ өлкөлөрүнүн бул чыңалууга тарап болууну жактырганын айтты.

Евробиримдик менен болгон байланыштарда 1-2 жыл мурункуга салыштырмалуу маанилүү жылыштар байкалганын түшүндүргөн Каймакжы, Түркиянын максатынын мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн жандандыруу экенин белгиледи.

Элчи Каймакжы Түркиянын Европанын тынчтык, ырааттуулук, экономика, коопсуздук, коргонуу жана энергетикалык коопсуздугуна эң көп салым кошо ала турган өлкө экенин айтып: «Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессинин ушул көз караштан каралышын жана бул процесстин тездетилишин үмүт кылабыз. Анткени Түркиянын ЕБге мүчөлүгү бир гана Түркия үчүн эмес, Европа Биримдиги үчүн эле эмес, бүткүл дүйнө жана үчүнчү өлкөлөр үчүн чоң утуш болот. Ошондуктан Европа күнүн шыктануу менен белгилеп жатабыз жана Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессинин тездетилишин каалайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар