Түркия Кубага көңүл айтты
Тышкы иштер министрлиги кечээ Кубанын борбору Гаванадагы мейманканада болгон жарылууда каза болгондор үчүн көңүл айтуу жарыялады.
Тышкы иштер министрлиги кечээ Кубанын борбору Гаванадагы мейманканада болгон жарылууда каза болгондор үчүн көңүл айтуу жарыялады.
Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Гаванада бир мейманканада болгон жарылууда көптөгөн кишинин каза болушу тынчсыздануу жараткандыгы билдирилди.
«Каза болгондордун жакындарына, дос Куба элине жана өкмөтүнө чын жүрөктөн көңүл айтабыз, жабыркагандардын батыраак айыгып кетишин каалайбыз», — деп айтылды билдирүүдө.
Жарылууда 18 адам каза болгон, алардын ичинен 14тү балдар жана 64 адам жаракат алган.
Куба басма сөзүнүн маалыматына караганда, Ковид - 19 эпидемиясынан улам 2 жылдан ашуун убакыттан бери жабык болгон тарыхый мейманканада жаңылоо иштеринин алкагында түтүктөргө газ агымы келип жатканда жарылуу болгон. Мейманкананын 10-майда ачылышы күтүлүп жаткан.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.