Түркия Афганистанда селден жабыркагандарга жардам берди
Жардам пакеттеринде май, ун, шекер, томат пастасы, макарон жана жууркандын бар экендиги юилдирилди.
Түркиядан Афганистандын 4 облусунда болгон сел апаатынан жабыркаган үй - бүлөлөргө азык - түлүк жана жууркан жардам берди.
Тышкы иштер министрлигинин Апаат жана чукул абалдарды башкаруу башкармалыгы АФАДдын эл аралык гуманитардык жардам группасынын төрагасы Бурхан Аслан темага байланыштуу билдирүүсүндө, Аганистандагы сел апаатынан улам AФАД жана Түрк Кызылайынын Саманган, Баглан жана Фаряп облустарында 500дөн жана Перванда 200 жалпы 1700 үй-бүлөгө азык-түлүк жана жууркан - төшөктөрдү жеткиргенин айтты.
Жардам пакеттеринде май, ун, шекер, томат пастасы, макарон жана жууркандын бар экенин айткан Аслан жардамдын сөз болуп жаткан облустарга жетип, селден жабыркаган үй-бүлөлөргө эң кыска мөөнөттө таратыла турганын белгиледи.
Афганистандын батышындагы Герат провинциясынын Оба районунда суу ташкынынан жабыркаган 100 үй-бүлөгө азык-түлүк пакеттеринин жеткирилгенин белгилеген Аслан, жардам материалдарынын Гераттагы убактылуу логистикалык кампада даярдалып, башка облустарга жөнөтүлгөнүн айтты.
Афганистандын 12 провинциясында акыркы күндөрдө таасирдүү болгон нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон селде 22 киши каза болду.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.