Сауд Арабия аба жолдору Стамбул каттамдарын баштады
Жиддадан учкан учак Түркия убактысы боюнча саат 14:45те 130 жүргүнчүсү менен Стамбул аэропортуна конду.
1823456

Ковид-19 эпидемиясынан улам Стамбул каттамдарын эки жылга токтоткон Сауд Арабия аба жолдору Саудия, Жидда рейси менен Стамбул каттамдарын кайра баштады.
Жиддадан учкан учак Түркия убактысы боюнча саат 14:45те 130 жүргүнчүсү менен Стамбул аэропортуна конду. Каттамдардын кайра жанданышына байланыштуу Стамбул аэропортунун кызматкерлери Саудиянын учак кызматкерлерин гүл менен тосуп алышты.
Саудиянын Стамбул аэропортунан Эр-Рияд, Медина жана Жиддага да каттамдары башталды.
Компаниянын Жидда жана Медина каттамдары жуманын ар бир күнү өз ара аткарылат. Эр-Рияд каттамдары жумасына 3 күн, шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү ишке ашырылат.