Президент Эрдоган Малайзиянын королу менен сүйлөштү

Сүйлөшүүдө  Түркия - Малайзия карым - катнаштарын жакшыртуу кадамдары жана Рохинья мусулмандарынын абалы сыяктуу аймактык маселелер каралды.

1822722
Президент Эрдоган Малайзиянын королу менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Малайзиянын королу Султан Абдуллах Риаятуддин аль-Мустафа Биллах Шах менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө  Түркия - Малайзия карым - катнаштарын жакшыртуу кадамдары жана Рохинья мусулмандарынын абалы сыяктуу аймактык маселелер каралды.

Ошондой эле эки лидер бири-бирин Орозо айт майрамы менен куттукташты.



Тектеш кабарлар