Чавушоглу Фронтекстин жана ЕБнин да Эгейдеги артка түртүүлөрдө ролу болгонун айтты

Чавушоглу буларды борбор шаар Анкарада Либериянын тышкы иштер министри Ди-Максвел Саах Кемая менен жолугушуусунан кийин өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында айтты.

1822675
Чавушоглу Фронтекстин жана ЕБнин да Эгейдеги артка түртүүлөрдө ролу болгонун айтты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы чек араларынан жооптуу мекемеси Фронтекстин жана ЕБнин да Эгейдеги артка түртүүлөрдө ролу болгонун айтты.

Чавушоглу борбор шаар Анкарада Либериянын тышкы иштер министри Ди-Максвел Саах Кемая менен жолугушуусунан кийин өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында Европа Парламентинин (ЕП) Фронтекстин бюджетин Грециянын артка түртүүлөрүндөгү ролу үчүн бекитүүдөн баш тартышы темасында, Грециянын Эгей аралдарынан жана Түркия чек араларынан иммигранттарды кантип сүрүп чыгарганы тууралуу маалымат жана документтерди ЕБ жана бүткүл дүйнө менен бөлүшүшкөндөрүн эске салды.

Чавушоглу Фронтекстин бул документтерди көптөн бери четке какканын, Түркиядан кошумча документтерди талап кылганын жана булардын да тиешелүү жерлерге жөнөтүлгөнүн айтты.

ЕПнин иликтөө баштаганын жана документтердин жарыяланганын, Фронтекстин аткаруучу директору 28-апрелде кызматтан кеткенин жана кечээ ЕП Фронтекстин 2020-жылдагы бюджетин бекитпегенин эске салган Чавушоглу: «Анткени бул бюджеттин бир бөлүгү иммигранттарды артка түртүүгө жумшалган. Фротекс аны жөн эле көзөмөлдөгөн жок. Фронтекс бул адамгерчиликсиз аракеттерге катышып, күбө болгон. Бюджетти жактырбоо же аткаруучу директордун кетиши Фронтексти актай албайт», - деди.

Чавушоглу бул артка кайтаруу учурунда жана андан кийин каза болгондордун болгонун эске салып:«Ошол кайыктарга деңиздин ортосунда шиш  сайылгандыктан, адамдар деңизге ыргытылгандыктан деңизде каза болгондор болду»,-деп айтты.

Мунун гуманитардык маселе экенин белгилеген Чавушоглу төмөнкүдөй баа берди: «Бул өлүмдөр үчүн Греция дагы жооптуу. Анын көз алдында болгон жана артка кайтарууга катышканы үчүн Фронтекстин, демек, Евробиримдиктин дагы, балким, андан да көбүрөөк жоопкерчилиги бар. Ошондуктан булардын бардыгын ачык жана айкын түрдө иликтөө керек жана жооптуулар жооп бериши керек. Эгерде Европа Биримдиги, Европа институттары жана соттор чын ыкластуу болсо, биз алар менен ар кандай маалымат жана документтерди бөлүшүүгө даярбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар