Эрдоган Орозо айттын экинчи күнүндө да өлкө лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүн улантты

Сүйлөшүүлөрдө президент Эрдоган менен лидерлер бири-бирин айт майрамы менен куттукташты.

1821803
Эрдоган Орозо айттын экинчи күнүндө да өлкө лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүн улантты

Президент Режеп Таййип Эрдоган Орозо айттын экинчи күнүндө да өлкө лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүн улантты.

Президент Эрдоган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Тажикстандын президенти Имомали Рахмон менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдө президент Эрдоган менен лидерлер бири-бирин айт майрамы менен куттукташты.

Эрдоган майрамдын биринчи күнүндө болсо Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар, Ирандын президенти Ибрахим Раиси, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Кувейттин эмири шейх Наваф аль-Ахмед аль-Жабир эс-Сабах, Нигериянын президенти Мохаммед Бухари, Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Заид ал-Нахян, Ливандын премьер-министри Нажиб Микати, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф жана Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Каземи менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөшкөн болчу.

Сүйлөшүүлөрдө Эрдоган менен лидерлер бири-бирин айт майрамы менен куттукташты.

Израилдин президенти Ицхак Герцог да президент Эрдоганга телефон аркылуу байланышып, Орозо айт майрамы менен куттуктаган.



Тектеш кабарлар