Эрдоган айт намазынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди

Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу келечекте Стамбулда дагы бир жолугушуу болобу деген суроого Эрдоган төмөнкүдөй баа берди:

1821257
Эрдоган айт намазынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусия-Украина согушуна байланыштуу: «Биздин каалообуз лидерлерди Стамбулда же Анкарада жолугуштуруу. Өзгөчө Украинанын чыгышында таштала турган кадамдардын чечүүчү чекити Түркия болот деп ишенем»,- деди.

Президент Эрдоган айт намазын Стамбулдагы Бүйүк Чамлыжа мечитинде кылгандан кийин чыгып бара жатып басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу келечекте Стамбулда дагы бир жолугушуу болобу деген суроого Эрдоган төмөнкүдөй баа берди:

«Ишемби күнү менин кеңешчим, элчи Ибрахим Калын тышкы иштер министринин орун басары Седат Онал менен биргеликте Киевге барды. Алар Киевде жолугушууларды өткөрүштү. Зеленский жана кесиптештери менен болгон жолугушууда ал жактан бир катар каалоо-тилектерди алышты жана ушул аптанын ичинде балким Путин мырза менен жолугушуу өткөрөбүз. Ибрахим мырза да Ушаков менен жолугушуп бул процессти тездетет деп үмүттөнөм»,-деди.

Президент Эрдоган сөзүн мындайча улантты: «Ал арада алар өзгөчө Украина тарап же Орусия тарап болсун бизден дан экспортунда кандайдыр бир колдоо көрсөтүүнү суранышты. Биз Путин мырза менен бул маселелерди талкуулап, ага жол ачууга аракет кылабыз. Биринчи кезекте өзгөчө бул эвакуацияларды тездетүү процессинде ар кандай кадамдарды жасап жатабыз. Бирок албетте бул жерде лидерлердин жолугушуусу. Лидерлерди Стамбулда же Анкарада жолугуштурууну каалайбыз. Өзгөчө Украинанын чыгыш бөлүгүндө таштала турган кадамдардын чечүүчү чекити Түркия болот деп ишенем»,-деди.



Тектеш кабарлар