Акар: «Греция провокациялык аракеттерин өжөрлүк менен улантууда»

Министр Акар Түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлери менен барган Шанлыурфада билдирүү жасады.

1821369
Акар: «Греция провокациялык аракеттерин өжөрлүк менен улантууда»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркиянын жакшы коңшулук, эл аралык карым-катнаштар жана диалог позициясына каршы Грециянын Эгей жана Жер Ортолук деңизде чагымчыл аракеттерин өжөрлүк менен улантып жатканын айтты.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлери менен барган Шанлыурфада билдирүү жасаган Акар: «Маселелерибизди диалог менен чечели» дегенибиз алсыздык эмес. Анткени биз болоор иш болду дегенге жол бербейбиз, өзүбүздүн жана кипрлик бир туугандарыбыздын укуктарын тебелетпейбиз. Биз буга чечкиндүү, эрктүү жана жөндөмдүүбүз. Греция ар дайым эл аралык машыгуулардан тышкары кээ бир аракеттер менен өлкөбүзгө каршы иш жүргүзүп жатат жана буга эч качан жол бербейбиз»,-деди.

Грециянын аба күчтөрүнө таандык учактардын акыркы мезгилде Түркиянын аба мейкиндигине каршы эреже бузууларына да токтолгон Акар: «Бизге каршы кандайдыр бир иш-аракеттерге биз сөзсүз түрдө реакциябызды көрсөтөбүз. Аскер-аба күчтөрүбүз алардын эреже бузууларына керектүү жоопту кайтарууда. Аскер-дениз флотубуз ансыз деле даяр. Алар биздин деңиз юрисдикция аймактарыбызды коргоо үчүн эмне кылуу керек болсо ошону жасап жатышат»,-деди.

Террор менен күрөшүүнүн акыркы террорист жок кылынганга чейин улана турганын баса белгилеген Акар, Ирактын түндүгүндөгү террордук кол салууларга бөгөт болуу жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу максатында башталган «Чеңгел-кулпу» операциясына токтолуп: «Чеңгел-кулпу операциясы ийгиликтүү уланууда. Террорчулардын уюктарына кирилип талкаланууда. Учурда 61 террорист таасирсиз кылынды. Террористтерге таандык 82 үңкүр жана баш калкалоочу жай, колго жасалган 413 жардыруучу зат жок кылынды. Издөө-тинтүү иштерибиз уланууда. Бул сандар жакынкы күндөрү дагы да көбөйөт. «Чеңгел-кулпу» операциясы аймактагы террористтерди жок кыла турган чоң сокку болуп саналат»,- деди.



Тектеш кабарлар