Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдиги Түркия-Сауд жакындашуусуна оң баасын берди

Карадаги президент Режеп Таййип Эрдогандын Сауд Арабия сапарынан кийин Твиттер эсебинен билдирүү жасады.

1821036
Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдиги Түркия-Сауд жакындашуусуна оң баасын берди

Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдигинин баш катчысы Али Карадаги Түркия менен Сауд Арабиясынын жакындашуусун «туура жолго жасалган кадам» деп мүнөздөдү.

Карадаги президент Режеп Таййип Эрдогандын Сауд Арабия сапарынан кийин Твиттер эсебинен билдирүү жасады.

Курандагы Ислам Үммөтүн адеп-ахлак жана ишеним негизинде түзгөн жана пайда болгон көйгөйлөргө каршы коргой турган аяттарга да токтолгон Карадаги, Түркия менен Сауд Арабиянын ортосундагы жакындашуунун оң жолго ташталган кадам экенин белгиледи.

Президент Эрдоган 28-апрелде Сауд Арабияга жасаган сапарынын алкагында мураскор принц Мухаммед бин Салман менен жолугушту.

Эрдоган бул сапарга байланыштуу социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө: «Рамазандагы сапары дос жана боордош Сауд Арабия менен жаңы доордун каалгасын ачат»,-деди.



Тектеш кабарлар