Шырнакта жүргүзүлгөн "Эрен блокада - 5 " операциясында бир аскер шейит болду

Аскадан кулап, оор жараланган адис сержант Беркай Акгүндүн бардык жардамдарга карабастан шейит болгондугу билдирилди.

1820859
Шырнакта жүргүзүлгөн "Эрен блокада  - 5 " операциясында бир аскер шейит болду

Шырнакта ПКК террордук уюмуна карата жүргүзүлгөн "Эрен блокада  - 5" операциясында бир аскер шейит болду. 

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта Шырнактын Жуди тоосундагы Кенямевик дөңсөөсүндө  жүргүзүлүп жаткан "Эрен блокада  - 5 жандармериянын шейит адис сержанты  Исрафил Ышык операциясына" катышкан жандармериянын адис сержанты Фатих Беркай Акгүндүн орун алмаштырып жатканда аскадан кулап, оор жаралангандыгы билдирилди. 

Билдирүүдө тик учак менен  окуя болгон жерден дароо алынып, ооруканага алып барылган Акгүндүн бардык жардамдарга карабастан шейит болгондугу маалымдалды. 

Бир тараптан Хаккариде Каваклы Чобандаглы аймагында болгон "Эрен блокада  - 2" операциясында террористтер менен кагылышуу болду. Эки террорист куралдары менен таасирсиз абалга келтирилди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар