Мевлүт Чавушоглу Венесуэлага карата санкцияларга каршы экендерин билдирди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Венесуэлага карата санкцияларга каршы экендерин баса белгилеп : «Дос өлкө Венесуэланын жанында болууну улантабыз»,- деди.

1820838
Мевлүт Чавушоглу Венесуэлага карата санкцияларга каршы экендерин билдирди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Венесуэлага карата санкцияларга каршы экендерин баса белгилеп : «Дос өлкө Венесуэланын жанында болууну улантабыз»,- деди.

Венецуэланын мамлекет башчысы Николас Мадуронун да катышуусу менен эки өлкөнүн ортосунда айрым келишимдерге кол коюлган аземге катышкан Чавушоглу борбор шаар Каракастагы Мирафлорес сарайында өткөн Венесуэла -Түркия биргелешкен кызматташтык комиссиясынын 3 - жыйынынын жабылуу отурумунда сөз сүйлөдү.

Министр Чавушоглу Мадурого катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, президент Режеп Таййип Эрдогандын саламын айтып, Мадуронун эң кыска убакытта Түркияга келишин күткөндөрүн белгиледи.

3 - Биргелешкен Кызматташтык Комиссиясынын жыйынынын так жыйынтыктарды жарата турган маанилүү бир платформа экендигин айткан Чавушоглу комиссияда 7 келишим жана биргелешкен билдирүүгө кол коюлгандыгын белгиледи.

Саламаттыкты сактоо, балыкчылык жана туризм тармактарындагы келишимдерге Мадуронун Түркия сапарында кол коюну каалашкандарын айткан Чавушоглу Түркиянын мекемелери менен өзүнө түшкөн милдетти аткарарын баса белгиледи.

Чавушоглу Венесуэлада акыркы убактарда экономикалык жактан болуп жаткан абалдарга токтолуп, Түркиянын ар дайым бир тараптуу санкцияларга каршы экендигин айтты.

Венецуэлага ар дайым ишенишкендерин жана анын жанында экендерин баса белгилеген Чавушоглу : «Өзгөчө бул мезгилде экономикалык соодабыз, 2021 - жылы тактап айтканда андан мурдагы бир жылга караганда 300 пайызга өстү. Ортобуздагы аралыкка карабастан Венесуэланын экспортунда Түркия катары биринчи орунда турабыз. Биринчи 3 айдагы сандарга караганыбызда 1, 5 миллиард доллар максатына жете аларыбызды көрүп жатабыз»,- деди.

Министр Чавушоглу сөзүн : «Венесуэлага карата санкцияларга күчтүү түрдө каршы экенибизди баса белгилегим келет. Дос өлкө Венесуэланын жанында болууну улантабыз»,- деп бүтүрдү.



Тектеш кабарлар