Эрдоган Пынархисар жана Чакыллы жолдорунун ачылуу аземине  катышты

Президент Эрдоган : "Пынархисар жана Чакыллы жолдорунун аймагыбызга жана өлкөбүзгө пайдалуу болушун каалаймын",- деди.

1820897
Эрдоган Пынархисар жана Чакыллы жолдорунун ачылуу аземине  катышты

Президент Эрдоган Кыркларелиндеги Пынархисар жана Чакыллы жолдорунун ачылуу аземине онлайн  катышты. 

"Пынархисар жана Чакыллы жолдорунун аймагыбызга жана өлкөбүзгө пайдалуу болушун каалаймын",- деген Эрдоган  "(Ачылышы болгон аянт) 71 километрдик  долбоордун негизги бир бөлүгүн түзүүдө. Долбоодун 22 километрдик бөлүгүн кызматка ачып жатабыз",- деди. 

 

Долбоордун акырына чыгышы менен жылдык орточо  суткалык трафик көлөмү 7000ге жакындап, жолдо жүрүү убактысы 33 мүнөткө  кыскарып, 78 мүнөттөн 45 мүнөткө түшөт.  Жалпысынан жылдык 128,3 миллион лира үнөмдөлөт. Көмүртек чыгаруунун көлөмү 7275 тоннага азаят. 

 



Тектеш кабарлар