Мевлүт Чавушоглу Панаманын мамлекет башчысы менен жолугушту

Чавушоглу жолугушуу тууралуу твиттер баракчасынан маалымат берди.

1820135
Мевлүт Чавушоглу Панаманын мамлекет башчысы менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Панаманын президенти Лаурентино Кортизо менен жолугушту.

Латын Америка сапарынын алкагында Панамага барган министр Чавушоглу Панаманын президенти Кортизо менен Паласио де лас Гарзас сарайында жолугушту.

Министр Чавушоглу жолугушуудан кийин Твиттер баракчасынан маалымат берип : "Панаманын президенти Лаурентино Кортизо менен жолугуштук. Кызматташуубузду бардык тармактарда, өзгөчө экономикалык жана коммерциялык маселелерде алдыга жылдырабыз",- деп билдирди. 

Панаманын президенти Кортизо да өзүнүн Tвиттер баракчасында жолугушуудагы сүрөттөрдү жарыялап : "Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглун  президенттик комплексинде тосуп  жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн кызматташтык жана бир туугандык байланыштарыбызды бекемдөө тууралуу сүйлөштүк»,- деди. 



Тектеш кабарлар