Чавушоглу Колумбияда

Мевлүт Чавушоглу расмий сапар менен барган Колумбиянын борбор шаары Боготада Маариф фондунун өкүлчүлүк имаратынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

1819515
Чавушоглу Колумбияда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу «Маариф» фондунун дүйнөнүн эң чоң бешинчи билим берүү мекемесине айланганын айтты.

Мевлүт Чавушоглу расмий сапар менен барган Колумбиянын борбор шаары Боготада «Маариф» фондунун өкүлчүлүк имаратынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Эки өлкөнүн гимнинин ырдалышы менен башталган аземде конокторго кайрылган Чавушоглу Колумбиянын Латын Америкага сапарында 6-өлкө болгонун белгилеп, үй ээси тышкы иштер министри Марта менен маанилүү жолугушууларды өткөрүшкөнүн айтты.

Чавушоглу Колумбиянын президенти Иван Дукенин жетекчилигинде тиешелүү министрлер менен эки тараптуу жана аймактык темаларды сүйлөшкөндөрүн маалымдап: «Меймандостугу үчүн Дукеге дагы бир жолу ыраазычылык билдиргим келет. Колумбия биздин Латын Америкага багытыбызда маанилүү борбор болуп саналат»,-деп айтты.

«Маариф» фондунун 67 өлкөдө ар башка деңгээлдерде иш алып барып жатканын билдирген Мевлүт Чавушоглу: «Фондубуз бүгүнкү күндө дүйнөнүн эң алдыңкы 5 билим берүү мекемесинин бири болду. Белгилүү болгондой Түркия дипломатиялык тармактар ​​жана өкүлчүлүктөрдүн саны боюнча дүйнөдө 5-орунда турат. «Маариф» эл аралык билим берүү тармагында Түркиянын бренди жана сыймыгы болду»,- деди.

Чавушоглу «Маариф» фондунун Колумбияда маанилүү иштерди аткарып жатканын белгилеп: «Колумбиянын алдыңкы университеттеринин бири болгон Nacional жана Externado менен кызматташа баштады»,-деп кабарлады.



Тектеш кабарлар