АКШ менен Орусиянын туткун алмашуусу Түркияда ишке ашырылды

24-февралдан бери уланып жаткан Украина согушунан улам Вашингтон менен Москванын ортосундагы чыңалуу абдан курчуп баратканда, кечээ эки борбордун ортосунда көптөн бери күтүлгөн туткун алмашуу болду.

1819658
АКШ менен Орусиянын туткун алмашуусу Түркияда ишке ашырылды

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен Орусиянын ортосундагы туткундарды алмашуу Түркияда Анкара менен биргеликте ишке ашырылды.

24-февралдан бери уланып жаткан Украина согушунан улам Вашингтон менен Москванын ортосундагы чыңалуу абдан курчуп баратканда, кечээ эки борбордун ортосунда көптөн бери күтүлгөн туткун алмашуу болду.

Орусия 2019-жылдан бери өлкөдө камакта жаткан АКШнын деңиз жөө аскерлеринин мурдагы жоокери Тревор Рид менен АКШда кокаин аткезчилиги үчүн камалган орус учкучу Константин Ярошенко менен алмашты.

Америкалык басма сөзгө билдирүү жасаган жана аты-жөнүн ачыкка чыгышын каалабаган бир америкалык аткаминер алмашуу тууралуу төмөндөгү сөздөрдү айтты:«Алмашуу Түркияда, (Президент Джо) Байден администрациясынын кызматкерлери жана (Орусия Президенттик сарайы) Кремлдин расмийлери президент Режеп Таййип Эрдогандын өкмөтү менен биргеликте алдын ала чечкен бир катар кылдаттык менен уюштурулган кадамдардын алкагында өттү. Рид менен Ярошенко Түркияга дээрлик бир убакта келишкен. Эки тараптын тең топтору берки өлкөнүн талапкеринин ким экендигин тастыкташты, андан кийин Ярошенко менен Рид учактарды көздөй учуу тилкесин бир убакта басып өтүштү».

Ошол эле учурда Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки Орусия менен АКШнын ортосунда туткун алмашууга уруксат берген Түркияга ыраазы экендиктерин билдирди.

Рид 2019-жылдын 15-августунда Орусияда полиция менен болгон мушташтан кийин камакка алынып, андан кийин «орусиялык полиция кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген» деген айып менен 9 жылга эркинен ажыратылган.

Жарандык учкуч Ярошенко 2011-жылы Либериядан АКШга жана Европага кокаин ташууга аракет кылган деп айыпталып, 20 жылга эркинен ажыратылган.



Тектеш кабарлар