Түркия Орусиядан С-400 абадан коргонуу системаларынын экинчи партиясын сатып алышы мүмкүн

Исмаил Демир Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемесинде (ТРТ) билдирүү жасады.

1819014
Түркия Орусиядан С-400 абадан коргонуу системаларынын экинчи партиясын сатып алышы мүмкүн

Коргоо өнөр жайынын башчысы Исмаил Демир, Орусиядан алынган С-400 абадан коргонуу системаларынын экинчи партиясын сатып алуу темасынын күн тартибинде экенин билдирди.

Исмаил Демир Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемесинде (ТРТ) билдирүү жасады.

Түрк коргоо өнөр жайынын өнүмдөрүнүн башкаларга караганда жакшы деңгээлде экенин баса белгилеген Демир, террордук уюмдарга каршы операцияларда ата мекендик куралдардын колдонулуп жатканын айтты.

Орусиядан С-400дөрдүн экинчи партиясынын сатып алынышына токтолгон Демир: «Түркия кабыл алган чечимин ишке ашырууну улантууда»,- деди.

Улуттук согуштук учактын 2023-жылы ангардан чыгышын максат кылгандарын баса белгилеген Исмаил Демир: «Биздин ATAK тик учактарыбызга дүйнөдө олуттуу суроо-талап бар. ATAK-2 болсо көбүрөөк жүк ташыган жана көбүрөөк мүмкүнчүлүктөргө ээ тик учак болот. Учурда ал дүйнөдөгү эң мыктылардын катарына кирет»,-деп айтты.

Ата мекендик амфибиялык чабуулчу TCG Анадолу кемесинин быйылкы жылы пайдаланууга берилерин маалымдаган Демир: «(2023-жылы биринчи учуусун жасайт) Улуттук чабуул коюучу жеңил учак Хүржетти долбоорлогон кызматкерлерибиз анын кемеге конуп-учуусуна байланыштуу иштеп жатышат. TCG Anadolu кемеси чабуул коюучу мүмкүнчүлүгүнө жана деңиз транспортторун, кургактык элементтерин жана аба элементтерин ташыган күч өткөрүүчү платформага ээ болот»,-деди.



Тектеш кабарлар