Пакистандагы түрктөр ооз ачыруу уюштурду

Борбор шаар Исламабаддын G-11 аймагында ифтарга бир нече саат калганда даярдыктар башталды.

1818734
Пакистандагы түрктөр ооз ачыруу уюштурду

Пакистанда жашаган түрк жарандары муктаж болгон 250дөн ашуун адамга ифтар берди.

Борбор шаар Исламабаддын G-11 аймагында ифтарга бир нече саат калганда даярдыктар башталды.

Пакистанда билим алып жаткан түрк студенттери тарабынан түзүлгөн “Пакистан бүтүрүүчүлөр жана мүчөлөр ассоциациясы” (PAMDER) бейөкмөт уюмуна караштуу түрк студенттер да ифтар дасторконунун даярдалышына жана тамак-аштын таратылышына көмөк көрсөтүштү.

250дөн ашуун адам түрк жарандары даярдаган дасторкондо ооз ачты.



Тектеш кабарлар