Акар:«Монтрё келишиминин алкагында ушул убакка чейин Босфор кысыгы аркылуу өтүү болгон жок»

Акар Германиядагы Рамштейн НАТОнун абадан коргонуу базасында (кечээ) өткөрүлгөн «Украина үчүн коргонуу жана коопсуздук кеңешме тобунун жыйналышынан» кийин баа берди.

1818939
Акар:«Монтрё келишиминин алкагында ушул убакка чейин Босфор кысыгы аркылуу өтүү болгон жок»

 

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш башталгандан кийин (24-февралда) Түркиянын Монтрё алкагында бир согуштук кеменин эч кандай түрдө Босфор кысыгынан өтө албастыгын бардык тараптарга жеткиргенин эске салып:«Ушул убакка чейин Босфор кысыгы аркылуу өтүү болгон жок»,-деди.

Акар Германиядагы Рамштейн НАТОнун абадан коргонуу базасында (кечээ) өткөрүлгөн «Украина үчүн коргонуу жана коопсуздук кеңешме тобунун жыйналышынан» кийин баа берди.

40тан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү менен Украина үчүн коргонуу жана коопсуздук кеңешме жыйынын өткөрүшкөндөрүн белгилеген Акар, өзгөчө Украинанын коргоо министри Алексей Резников менен катар айрым ысымдар менен пикир алмашкандарын айтты.

Украинадагы окуяларды жакындан байкашкандарын белгилеген Акар: «Биз токтоо мамиле менен дипломатияга жол ачуубуз керек. Ошентип, тынчтык жолу менен чечимдерди оңой табууга болот деп эсептейбиз»,-деп өз баасын берди.

Акар жолугушууда Түркиянын окуяларга көз карашын дагы бир жолу бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондорун айтып: «Президентибиз Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен көп жолу телефон аркылуу сүйлөштү. Бул сүйлөшүүлөрүндө президентибиз ок атышпоо мүмкүн болушунча тез арада камсыздалышы үчүн үстөлгө отургузууга аракет кылууда»,-деп айтты.

Кээ бир кыйынчылыктарга карабастан үмүттүү экендерин баса белгилеген Акар:«Балким, жакынкы күндөрдө президентибиздин сунуштары менен эки лидердин жолугушуусу мүмкүн болот. Түркия катары начарлап бараткан гуманитардык абалдын дагы да начарлашына жол бербөө жана ок атышпоонун тез арада камсыздалышы үчүн ортомчулук менен бирге жасалышы керек болгон бардык нерселерге салым кошууну улантып жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар