Эрдоган: «Жабык жайларда беткаптарды колдонуу милдети толугу менен жоюлду»

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте жолугушкан Саламаттыкты сактоо министрлигинин Короновирус илимий комитетинин мүчөлөрү менен бирге билдирүү жасады.

1818590
Эрдоган: «Жабык жайларда беткаптарды колдонуу милдети толугу менен жоюлду»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркияда жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясына каршы чараларынын алкагында 3 жылдан бери колдонулуп келген жабык жерлерде беткап колдонуу милдети толугу менен жоюлганын айтты.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте жолугушкан Саламаттыкты сактоо министрлигинин Короновирус илимий комитетинин мүчөлөрү менен бирге билдирүү жасады.

Эрдоган: «Белгилүү болгондой, дүйнөбүздүн акыркы 2 жылы бул эпидемиянын көлөкөсүндө өттү. Биз чоң мамлекеттердин аэропорттордо жана чек ара дарбазаларында беткап ээлөө үчүн жарышып жатканына күбө болдук. Түркия бул сыноолордон таза абийир менен өтө алган саналуу өлкөлөрдүн бири болду...

Жарандарыбызды вирустан коргоо үчүн дүйнөдө иштелип чыккан ар бир ыкманы эң ылдам түрдө өлкөбүзгө алып келип, күрөштү алдыңкы планга чыгардык. Окумуштууларыбыздын аракети менен ата мекендик респираторлордон тартып диагностикалык комплекттерге, дары-дармек жана вакцина чыгарууга чейин бирге көптөгөн ийгиликтерге жетиштик. Биз өз алдынча вакцина чыгара алган 9 өлкөнүн бирибиз. Биз дүйнөнүн 160 өлкөсүнө жана 12 эл аралык уюмга медициналык жардам көрсөттүк»,-деп айтты.

Президент Эрдоган: «Коронавирустук чаралардын алкагында 3 жылдан бери колдонулуп келген жабык жайларда беткаптарды колдонуу милдети толугу менен жоюлду. Бир гана коомдук транспортто жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде беткаптарды колдонуу жуктурган учурлардын саны миңден төмөн түшкөнгө дейре дагы бир азга уланат»,-деди.



Тектеш кабарлар