Алтун: «Тарыхты бурмалагандарга каршы Түркия тарыхты бүтүндөй окууга аракет кылууда»

Алтун Австриянын борбор шаары Венада Президенттиктин коммуникация башкармылыгы тарабынан уюштурулган Шейит дипломаттар көргөзмөсүнүн ачылышына видео билдирүү жөнөттү.

1817207
Алтун: «Тарыхты бурмалагандарга каршы Түркия тарыхты бүтүндөй окууга аракет кылууда»

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, божомолдорго таянып, чындыкты бурмалаган жана  тарыхты өз жолу менен жазууга аракет кылгандарга каршы Түркиянын тарыхты бүтүндөй окууга аракет кылып жатканын айтты.

Алтун Австриянын борбор шаары Венада Президенттиктин коммуникация башкармылыгы тарабынан уюштурулган Шейит дипломаттар көргөзмөсүнүн ачылышына видео билдирүү жөнөттү.

Алтун, армян террордук уюмдарынын кол салууларында жана өлтүрүүлөрүндө каза болгон шейит дипломаттар эскерилген бул маанилүү көргөзмө менен ASALA жана аны менен байланышы бар террордук уюмдарды 1915-жылдагы окуяларды шылтоо кылып актоого аракет кылган кол салууларды эл аралык коомдук пикирдин күн тартибине алып келүүнү жана бул кол салуулардын чыныгы максатын ортого салууга максат кылгандарын айтты.

ASALA баш болгон армян террордук уюмдары тарабынан 1973-жылы башталган жана дээрлик толугу батыш өлкөлөрүндө болгон кол салууларда 31и дипломат жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү менен консулдук кызматкерлери болгон 58 жаран шейит кеткенин эске салган Алтун, 16 өлкөдө болгон жогоруда айтылган киши өлтүрүүлөрдүн бүткүл дүйнөгө туура билдирилиши шейиттерге болгон карызыбыз деген пикирде экенин баса белгиледи.

Алтун 1915-жылдагы окуялар аркылуу негизсиз дооматтарга таянып мыйзамдаштырылууга аракет кылынган ASALA террорунун чындыгында Биринчи Дүйнөлүк согуш учурундагы армян бандаларынын Анадолудагы кыймыл-аракеттеринин чагылышы болгонун жана ASALA терроруна бир кылым мурда болгон чоң согушта, армян бандачылыгы менен ар башка шартта эмес, бирге баа берүүлөрү керектигин айтты.

«Биз тарыхты фактыларга эмес, божомолдорго таянып, чындыкты бурмалап, тарыхты өз жолунда кайра жазууга аракет кылгандарга каршы, тарыхты бүтүндөй окууга, чындыктын жанында турууга аракет кылабыз»,деген Алтун мындай деди: «АСАЛА, ПКК, ДЕАШ жана ФЕТӨ сыяктуу террордук топтор түрк улутуна жана мамлекетине каршы көптөн бери уланткан кол салууларында ийгиликке жете алышкан жок жана жете алышпайт. Биз террордук уюмдар менен күрөшүүнү улантабыз жана бул күрөштү улантып жатканда өткөндөн учурубузга чейин улутубуздун ар бир элементи менен тынчтык жана коопсуздукта жашоону улантабыз. Бирөөлөрдүн бардык кыйратуучу аракеттерине карабастан армян жарандарыбыз менен миң жылга чейинки терең кызматташтыгыбыздан шыктануу менен келечекти чогуу курууну улантып жатабыз. Адилет эстутум түзүү, албетте, Түркия менен Армениянын ортосундагы нормалдашууга салым кошо турган жагдай болот».



Тектеш кабарлар