Улуттук коргоо министри Акар "Чеңгел - Кулпу" операциясы тууралуу маалымат берди

Хулуси Акар Анкарада Гази аскер үйүндө шейии үй - бүлөлөрү жана ардагерлер менен ооз ачарда жолугушту.

1816784
Улуттук коргоо министри Акар "Чеңгел  -  Кулпу" операциясы тууралуу маалымат берди

 Улуттук коргоо министри Хулуси Акар : «Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел  -  Кулпу» операциясынын алкагында ишибиз пландалгандай улантылууда. Террористтер чоң жоготууга учурады»,- деди.

Акар, Башкы штабдын төрагасы Яшар Гүлер, кургактык күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Муса Авсевер, деңиз күчтөрүнүн командири, адмирал Аднан Өзбал, аба күчтөрүнүн командири генерал Хасан Күчүкакйүз жана министрдин орун басарлары менен шейит үй  - бүлөлөрү жана ардагерлер менен борбор шаар Анкарада Гази аскер үйүндө ооз ачарда жолугушту.

Элди террордон куткарууда чечкиндүү экендерин айткан Акар : «Көпкө созулган даярдык, координация жана пландоодон кийин жекшемби күнү кечинде «Чеңгел  -  Кулпу» операциясын баштадык.  Операциянын негизинде иштерибиз пландалгандай улантылууда. Террористтер чоң жоготууга учурады»,- деди.

Акар : «2015 -  жылы 24 -  июлдан бери жалпы 34 миң 175 террорист жок кылынды. Бул күрөш болгон күчү менен улантылууда. 1 -  январдан тарта 1987 террорист жок кылынды. Азыркы учурда да кургактыкта, деңизде, абада бардык курал жолдошторубуз өлкөбүз жана улутубуз үчүн ишин кемчиликсиз улантууда»,- деди.



Тектеш кабарлар