Түркия Ооганстандагы кол салууларды айыптады

Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1814829
Түркия Ооганстандагы кол салууларды айыптады

Түркия Ооганстандын борбор шаары Кабулда билим берүү мекемелерине жасалган террордук кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: "Ооганстандын борбор шаары Кабулда билим берүү мекемелерин бутага алган жардырууларда арасында окуучуларда да болгон көптөгөн адамдардын каза болгонун жана жаракат алганын терең кайгыруу менен билдик. Биз бул адамгерчиликсиз террордук кол салууларды эң катуу түрдө айыптайбыз",-деп кабарланды.

Билдирүүдө: "Кол салууда каза болгондордун жакындарына, дос жана боордош ооган элине көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз" деген сөздөр камтылды.

Кабулдун батышындагы Абдул Рахим шейит лицейи менен Мумтаз курсунда кечээ удама-удаа болгон бомбалуу кол салуулардан 6 кишинин каза тапканы, 11 кишинин жаракат алганы белгиленген.



Тектеш кабарлар