Акар: «Чеңгел кулпу операциясы менен террор уяларынын кулпулары талкаланууда»

Акар Бурсадагы Улудаг университетинде өткөрүлгөн конференцияда сөз сүйлөп, террорду булагында жок кылуу стратегиясы менен операцияларды жүргүзүшкөндөрүн белгиледи.

1814784
Акар: «Чеңгел кулпу операциясы менен террор уяларынын кулпулары талкаланууда»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар «Чеңгел кулпу» операциясы менен террор уяларынын кулпулары биринин артынан бири талкаланганын айтты.

Акар Бурсадагы Улудаг университетинде өткөрүлгөн конференцияда сөз сүйлөп, террорду булагында жок кылуу стратегиясы менен операцияларды жүргүзүшкөндөрүн белгиледи.

Бул алкакта Сирия жана Ирактын түндүгүндө ийгиликтүү жүргүзүлгөн террор менен күрөшүү операцияларына көңүл бурган Акар:«Террордук уюмдарга каршы жүргүзгөн ийгиликтүү операциялар менен чек араларыбыздын жана элибиздин коопсуздугун камсыз кылуу менен бирге түштүк чек араларыбызда түзүлүшү пландалган террор коридорунун алдын алдык жана эч качан жол бербей турганыбызды ачык айттык. Эгерде бул операциялар аткарылбаса, өлкөбүз жана аймагыбыз мындан да чоң коркунучтарга дуушар болмок»,-деди.

Жекшемби күнү кечинде «Чеңгел кулпу» операциясы башталганын эске салган Акар:«Чеңгел кулпу операциясы менен террордук уялардын кулпулары биринин артынан бири талкаланууда. Мехметчиктин (түрк аскери) деми террористтердин желкесинде, кайсы үңкүргө кирсе да, кайсы таштын астына жашынбасын, биздин десанттар таап жок кылат. Акыркы террорист жок кылынганга чейин биздин операциялар улам күчөп уланат  жана ылдамдайт. Коңшуларыбыздын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн урматтоо менен уланууда».

Түрк куралдуу күчтөрү бир гана террор жана террористтер менен күрөшөрүн баса белгилеген министр Акар: «Террорист кайсы жерде болсо, биздин бута ошол жер»,- деди.



Тектеш кабарлар