Челик: «БУУнун Конвенциясынын негизинде мыйзамдуулук менен терроризмге каршы күрөшүп жатабыз»

Челик, президент жана АК партиянын төрагасы Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде партиянын борбордук кеңсесинде өткөн Борбордук Аткаруу кеңешинин (MYK) жыйналышы өтүп жатканда билдирүү жасады.

1814116
Челик: «БУУнун Конвенциясынын негизинде мыйзамдуулук менен терроризмге каршы күрөшүп жатабыз»

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партиянын) басма сөз катчысы Өмер Челик, Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел кулпу» операциясына байланыштуу: «Түркия өз жерлерин жана адамзатты коргоо үчүн бул укугун колдонууда жана ошондой эле коңшу жана боордош өлкөлөрдөн бул террордун жок кылынышы үчүн да колдоосун көрсөткөн болот»,-деди.

Челик, президент жана АК партиянын төрагасы Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде партиянын борбордук кеңсесинде өткөн Борбордук Аткаруу кеңешинин (MYK) жыйналышы өтүп жатканда билдирүү жасады.

Өмер Челик Түркиянын Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел кулпу» операциясын өзүн коргоо укугун пайдаланып, өзүн террордон коргоо үчүн баштаганын белгилеп: «Албетте, бул террордук уюм тарабынан жасалган даярдыктар аныкталгандан кийин, бул даярдыктарга бөгөт коюу жана бул даярдыктарды жеринде жок кылуу үчүн жасалган операция. Бул жерде биз Бириккен Улуттар Уюмунун Конвенциясынын 51-беренесинин негизинде жогорку мыйзамдуулук менен терроризмге каршы күрөшүп жатабыз.. /.../ Түркия Республикасы өз жерлерин жана адамзатты коргоо үчүн бул укугун колдонууда жана ошондой эле коңшу жана боордош өлкөлөрдөн бул террордун жок кылынышы үчүн да колдоосун көрсөткөн болот»,-деп айтты.

Челик Канаданын Торонто шаарындагы кол салуу тууралуу болсо: «Биз Канада бийликтеринен бул кол салгандарды кармап, мындан аркы окуялардын алдын алуу үчүн чараларды көрүшүн күтөбүз»,-деди.

Израиль күчтөрүнүн Месжид-и Аксага жасаган чабуулуна да токтолгон катчы Челик: «Месжид-и Аксанын руханиятына жана Месжид-и Аксандын макамына кол тийгис, аны ар бир адам сыйлашы керек. Бул урмат-сыйдын алкагында мамиле болсо Рамазан айын, Пасха майрамын жана ошондой эле Пасах майрамын бүткүл дүйнөдө бир туугандардай белгилеп, бүткүл дүйнөдө тынчтыктын негизинде чогулууга болот, ага көңүл буруу зарыл»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар