БАЭден Түркия менен карым - катнаштар тууралуу маалымат берилди

Бириккен Араб Эмирликтери БАЭнин президенти Шейх Халифе бин Зайид Ал Нахйяндын дипломатия кеңешичиси Энвер Гаргаш Түркия менен карым- катнаштарды түзүүнү каалашкандарын белгиледи.

1813138
БАЭден Түркия  менен карым  - катнаштар тууралуу маалымат берилди

Бириккен Араб Эмирликтери БАЭнин президенти Шейх Халифе бин Зайид Ал Нахйяндын дипломатия кеңешичиси Энвер Гаргаш Түркия менен карым- катнаштарды түзүүнү каалашкандарын белгиледи.

БАЭнин расмий агенттиги WAMда орун алган кабарга караганда мамлекет башчысынын кеңешичиси Гаргаш борбор шаар Абу Дабиде «БАЭ көз карашынан өзгөрүп жаткан дүйнөбүздөгү коопсуздук жана ырааттуулук» аттуу конференцияда сөз сүйлөдү.

Өлкөсүнүн Түркия, Иран жана араб өлкөлөрү менен карым- катнаштары тууралуу кызыккандарын айткан Гаргаш коңшусу Иранды белгилеп : «БАЭ коңшу өлкөгө зыян келтире турган база болбойт»,- деди.

Энвер Гаргаш : «БАЭ ар дайым Иран менен болгон келишпестиктерин саясат жана дипломатия аркылуу чечүүгө жана бул пикир келишпестиктердин көлөмүн азайтууга аракет кылат»,-деди.

Туруктуулук жана жыргалчылык күн тартибин куруунун аймактагы бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыгында экенин белгилеген Гаргаш : «Түркия менен Иран жана башка аймактык өлкөлөрдүн арасында кызматташуу жана диалог үчүн аймактык платформаларга болгон муктаждыктарга» басым жасады.

2021-жылдын ноябрь айында Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Заиддин Түркияга жасаган иш сапарынан кийин эки өлкөнүн мамилесинде олуттуу жылыштар болду.

БАЭнин тышкы соода боюнча мамлекеттик министри Сани эз-Зююди 13-январда өлкөсү Түркия менен соода көлөмүн эки-үч эсеге көбөйтүүнү максат кылганын билдирди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган 10 жылдан кийинбиринчи жолу февраль айында БАЭге расмий сапар менен барган.

Түркиянын Перс булуңундагы эң чоң соода өнөктөшү болгон БАЭ Түркияга түз инвестиция салууда Перс булуңунда экинчи орунда турат.

 



Тектеш кабарлар