Эрдоган аскерлер менен биргеликте ооз ачты

Президент Эрдоган Хаккаринин Йүксекова районундагы 3-жөө аскерлер дивизиясынын командирлигине барды.

1811974
Эрдоган аскерлер менен биргеликте ооз ачты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, террор менен күрөшүү операцияларында маанилүү ийгиликтерге жетишкен Хаккаринин Йүксекова районундагы 3-жөө аскерлер дивизиясынын командирлигинде ооз ачты.

Тамактанучу жайдын кире беришинде түрк аскерлери менен саламдашкан президент Эрдоган, аны коштогон улуттук коргоо министри Хулуси Акар жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлери менен кылынган дубалардан кийин аскерлер менен биргеликте ооз ачты.

Эрдоган Твиттердеги баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Бүгүн кечинде Түрк куралдуу күчтөрүбүздүн кымбаттуу мүчөлөрү жана аскерлерибиз менен Йүксековадагы 3-жөө аскерлер дивизиясынын командирлигинде ооз ачарда болдук. Аллах ар бир жоокерибизден ыраазы болсун, ар бирин сактасын жана аларды ар бир күрөштө жеңүүчү кылсын»,-деп жазды. 



Тектеш кабарлар