Түрк учкучсуз учуучу аппараттары Америка медиасында

Түркиянын коргонуу өнөр жайындагы кадамдары чет элдик басма сөдөн орун алууну улантууда.

1809550
Түрк учкучсуз учуучу аппараттары Америка медиасында

Американын маалымат каналы СНН Байрактар ТБ 2 куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарынын ийгиликтерине көңүлдөрдү бурду. 

Түркиянын коргонуу өнөр жайындагы кадамдары чет элдик басма сөдөн орун алууну улантууда. 

Американын телекөрсөтүү каналы СНН түрк учкучсуз учуучу аппараттары тууралуу атайын кабар даярдады. Съёмка Стамбулдагы Байкар өндүрүү ишканаларында тартылды. 

Түркиянын алгачкы учкучсуз учуучу аппараты  Кызылелмадан да сөз болгон кабардын өзөк борбору Байрактар ​​TБ2 болду. 

СННдин атайын кабарында Байкар башкаруу кеңешинин төрагасы жана Технология лидери Селчук Байрактар менен атайын маекке да орун берилди. Кабарда Байрактар ТБ 2лердин Ливия жана Карабахта согуштун багытын өзгөрткөн элементтер болгонуна да көңүл бурулду. 

 

 



Тектеш кабарлар