Türkiye Руандадагы геноцидге байланыштуу билдирүү жарыялады

Билдирүүдө Türkiyeнин адамзатка каршы ар кандай кылмыштын кайталанбашы үчүн күрөшө турганы белгиленди.

1808809
Türkiye Руандадагы геноцидге байланыштуу билдирүү жарыялады

Türkiye Руандада 1 миллион тутсидин өлүмүнө себеп болгон геноцидге байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : «1994 - жылы Руанда Республикасында 1 миллиондон ашык адам системалуу түрдө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, адамзаттын жакынкы тарыхындагы эң чоң мыкаачылыктардын бири болгон тутсилердин геноцидин дагы бир жолу терең кайгыруу менен эскеребиз",- деп айтылды.  

Билдирүүдө Türkiyeнин адамзатка каршы ар кандай кылмыштын кайталанбашы үчүн күрөшө турганы белгиленип : "Дос Руанда мамлекетинин жана элинин кайгысын чын жүрөктөн тең бөлүшөбүз жана көңүл айтабыз. Türkiye  адамзатка каршы ар кандай кылмыштарга, расизмге, ксенофобияга жана экстремисттик идеологияларга каршы жана келечекте дагы ушундай азаптарды болтурбоо үчүн чечкиндүү күрөштү улантат",- деп билдирилди. 



Тектеш кабарлар