Сириянын түндүгүндө 3 террорист жок кылынды
Операция тууралуу Улуттук коргоо министрлиги билдирди.
1808843
Сириянын түндүгүндө "Тынчтык булагы" жана "Зайтун бутагы" операциялары жүргүзүлгөн аймактарда ПКК/ЙПГ жикчил террордук уюмунун 3 террористи жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта "Тынчтык булагы" аймагына кол салуу үчүн даярданган эки, "Зайтун бутагы" аймагына кок аткан бир террористтин жок кылынгандыгы белгиленди.
Түрк куралдуу күчтөрү 2019 - жылы 9 - октябрь жана 25 - ноябрда жүргүзүлгөн "тынчтык булагы" жана 2018 - жылы 20 - январь жана 24 - мартта жүргүзгөн "Зайтун бутагы" операциялары менен Сириянын түндүгүн террордон тазалаган.