Түркия - АКШ стратегиялык механизми баштады

Ушунун негизинде  тышкы иштер министринин орун басары, элчи Седат Өнал кечээ борбор шаар Анкарада АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий иштер боюнча орун басары Виктория Нуланд менен жолугушуу өткөрдү.

1807087
Түркия  -  АКШ стратегиялык механизми баштады

Türkiye  - Америка Кошмо Штаттарынын стратегиялык механизминин борбор шаар Анкарада баштатылгандыгы маалымдалды.

Тышкы иштер министрлигинен билдирилген Türkiye  -  АКШ стратегиялык механизми тууралуу биргелешкен пресс- жыйында : «Урматтуу президентибиз Режеп Тайип Эрдоган менен АКШнын президенти Жо Байдендин ортосунда  октябрь айында Римде өткөн жолугушууда түзүлгөн келишим Türkiye  -  АКШ Ссратегиялык механизми 2022 -  жылдын 4 -  апрелинде Анкарада баштатылды»,- деп билдирилди.

Ушунун негизинде  тышкы иштер министринин орун басары, элчи Седат Өнал кечээ борбор шаар Анкарада АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий иштер боюнча орун басары Виктория Нуланд менен делегациялардын ортосунда экономикалык жана коргонуу сыяктуу орток кызыкчылыктарга ээ болгон жолугушуу өткөрдү. Кызматташтык, терроризм менен күрөшүү, аймактык жана глобалдык маселелердин каралагандыгы билдирилген маалыматта : «Türkiye менен АКШнын Украинанын эгемендиги жана жеринин бүтүндүгүнүн сакталышына байланыштуу биргелешкен милдеттенмелерин кайталашты.  АКШ Türkiyeнин согушка адилеттүү жана дипломатиялык чечүүчү жолдун табылышын жеңилдетүү максатындагы аракеттерин кубаттоо менен кабыл алды»,- деп айтылды.  

АКШнын соода министрлигинин кеңешчиси Мариса Лагонун  да Стратегиялык механизмдин экономикалык жана соода көлөмөндөрү кызматташуусун өнүктүрүү үчүн  5 – 6 -  апрелде борбор шаар Анкарага келери билдирилип, Türkiye менен АКШнын Стартегиялык механизмдин алкагында тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги жыйынды бул жылы өткөрүүнү максат кылгандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар